Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №21
«2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-19/3133 чыгыш сандуу айыл өкмөтүнүн чарбалык жумуштары үчүн күйүүчү май сатып алууга акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусун, жалпы депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын жана жалпы депутаттардын сунушутары эске алынсын.
2. 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатынан Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чарбалык жумуштары үчүн күйүүчү май сатып алууга 6 000 000 (алты миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |