Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №22
«Каныш-Кыя муниципалдык ишканасына жайыттарды пайдаланууда пландан ашыкча түшкөн акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын 10.07.2025-жылдагы №57 чыгыш сандуу кайрылуусун, “жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиянын №4 корутундусун, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин “жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиянын №4 корутундусу эске алынсын.
2. “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына жайыттарды пайдалануудан пландан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен;
- Айгыр-Жал, Башкы-Терек айылдарындагы мал жуучу жууттарды оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн 72 100 (жетимиш эки миң бир жүз) сом акча каражаты,
- Жайыттардын инфраструктуралык чыгымдарына 275 000 (эки жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты,
- Беш-Башат, Жөжөлүү-Булак жана Уста жайлоолоруна мал ичүүчү суу чыгарууга (каптаж) 288 100 (эки жүз сексен сегиз миң бир жүз) сом акча кажаты,
- Кызматтык аттардын кышкы тоютун камдоо максатында 57 000 (элүү жети миң) сом акча каражатын жумшоого уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын жетекчиси У.Орозбаевге, көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |