Редакцияот 30.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-августу № 4/1

 

Социалдык шаарча курууга жер аянтчасын берүү жөнүндө

 

Байза айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевдин социалдык шаарча курууга жер аянтчасын чечип берүү боюнча кайрылуусун угуп талкуулап, Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин чогулушунун 30.08.2023-жылдагы №4 протоколунун негизинде Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-кезексиз сессиясынын 2-июль 2021-жылдагы № 1 Базар куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө жана Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 18 кезексиз сессиясынын 13-январь 2023-жылдагы № 18/5 Социалдык шаарча куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө токтомдору жокко чыгарылсын

2. Байзак айыл аймагына караштуу №1779 контурундагы 12,50 га жер аянтчасына Социалдык шаарча курууга макулдук берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов