Редакцияот 09.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

 

 

2023-жылдын 9-октябры № 5/2

 

Байзак айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөүгүнө кошумча план киргизүү жана кошумча суралган пландын бөлүнүшү жөнүндө

 

Байзак айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү жана кошумча суралган планды жумшоо жөнүндө Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин жана социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Байзак айылдык Кеңеши, токтом кылат:

1. Байзак айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө төмөндөгүдөй кошумча план киргизилсин

·         Бирдиктүү салыка -96817 сом

·         Кыймылсыз мүлк салыгына -13222 сом,

·         Транспорт салыгына -40601 сом,

·         Роялити салыгына (көмүр) -351078 сом,

·         Башка метал эмес -84500 сом,

·         Лицензия кармагандыгы үчүн төлөмгө -352713 сом,

·         Инфраструктураны өнүктүрүүгө чегерүүлөргө -38369 сом,

Жалпы 977300 сом.

2. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча суралган планда белгиленген акча каражаттар төмөндөгүдөй бөлүнсүн.

·         835000 сом – “А.Молдокеев” атындагы орто мектебине кошумча от казан койдурууга

·         120000 сом – “Ш.Садыбакасов” атындагы орто мектебинин кошумча көмүр отунун алууга,

·         22300 сом – Мурдагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жетпеген суммага кошумча көмүр отуну үчүн төлөмгө,

3. Бул каражатты каралган багыттарга жараша киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын түзүп Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал башкармалыгына тапшыруу жана каражатты максатуу пайдалануу Байзак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы

 

 

А.К. Ажыгулов