Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №24
«Абдубалиева Айгизага акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ч.Жумабекованын 2025-жылдын 12-сентябрындагы №01-19/3030 чыгыш сандуу Кара-Булак айылынын тургуну А.Абдубалиеванын турмуш-шарты боюнча жазган арызынын негизинде жазылган кайрылуусун, “Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын тургуну А.Абдубалиеванын турмуш-шартын эске алып жергиликтүү бюджеттен калкты социалдык жактан коргоо программасынын негизинде бөлүнгөн акча каражатынан 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |