КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №25
«Кошумча түшкөн акча каражаттарынан Коргон-Сай айылына тартылуучу таза сууга акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-19/3133 чыгыш сандуу кайрылуусунун негизинде, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылына таза суу чыгарууда даярдалган долбоор смета 36 847 895 (отуз алты миллион сегиз жүз кырк жети миң сегиз жүз токсон беш) сом акча каражатына түзүлгөндүгү белгиленсин.
2. 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттарынан Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылына таза суу чыгарууда сметадан калган 13 869 256 (он үч миллион сегиз жүз алтымыш тогуз миң эки жүз элүү алты) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |