Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №26
«Арык каналдарга долбоор смета даярдоо жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-18/3127 жана 23.09.2025-жылдагы №01-18/3197 чыгыш сандуу айыл өкмөттүн балансындагы арык каналдардын долбоор сметаларын даярдоого чечим берүү боюнча жазган кайрылуусун, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын №7 корутундусу карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу төмөнкү каналдарга топосьемка жасалып, долбоор сметалар даярдалсын; Керектүү акча каражаты 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатынан жумшалсын.
- Ак-Таш айылынын айыл чарба багытындагы жерлерин суугаруу үчүн Тешик –Арык каналына,
- Курулуш айылындагы Сары –Булак каналын жаңыдан салуу үчүн,
- Айгыр-Жал-Кара-Суу-Кара-Булак айылдарына келген Туз-Ашуу суусуна, сууну сактап туруучу курулма (БСР) куруу боюнча,
- Кайың-Суу айылынын Кедей-Сай участкасына сууну сактап туруучу курулма (БСР) куруу боюнча,
- Коргон-Сай айылындагы Чанач каналын оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана Чанач 2 участкасына дюкер жолу менен суу алып өтүү үчүн труба коюп, каналды бетондоп курууга,
- Каныш-Кыя айылындагы Алыштын каналын капиталдык оңдоодоп түзөөдөн өткөрүү жана ага баруучу эски жолду калыбына келтирүү үчүн,
- Арпа –Төктү каналын Аюу-Чачы каналына кошууга,
- Кара-Корум суусунан Ири-Сай участкасына өткөн каналга 70 (жетимиш) метр калың пластик труба алып орнотууга,
- Айгыр-Жал, Кара-Булак, Кара-Суу, Чакмак-Суу, Каныш-Кыя, Башкы-Терек айылдарына таза суусу куруу жана гидрогеологиялык изилдөө үчүн
2. Жаңы-Базар-Курулуш айылдарына суугат сууну Чаткал дарыясынан тартып чыгуу үчүн координаттары жана жер аянттары тиешелүү адистер менен такталсын.
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |