Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 24-сентябры ПТ № 317
1. Кыргыз Республикасы менен Гаити Республикасынын ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин мамлекеттик тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлүнө жогоруда көрсөтүлгөн Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасы менен Гаити Республикасынын ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы менен Гаити Республикасы,
эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүүгө көмөктөшүү ниетинде,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендикти, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү бекемдөө жана урматтоо принциптерин жана максаттарын жетекчиликке алып,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптердин негизинде ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган дипломатиялык байланыштарды түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен тийиштүү деңгээлде өз мамлекеттеринен ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, англис жана француз тилдериндеги үч түп нускадагы ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери тең бирдей күчкө ээ.
__________________шаарында 2025-жылдын ____-сентябрында кол коюлду.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Гаити Республикасы үчүн |
_________________________ |
| _________________________ |