Редакцияот 09.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы

 

 

2023-жылдын 9-октябры № 5/4

 

Байзак айыл аймагында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө жобону жана “Бузуулар бирдиктүү реестрине” катталган иштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралу” токтомду аткаруу максатында, Байзак айыл аймагында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө жобону жана “Бузуулар бирдиктүү реестрине” катталган итштерди кароо боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы Р.Таштанбекованын сунушун карап, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

1. Байзак айыл аймагында укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссия жөнүндө жобо бекитилсин.

2. “Бузуулар бирдиктүү реестрине” катталган итштерди кароо боюнча комиссиянын курамы төмөндөгүдөй кызмат адамдарынан түзүлсүн

Комиссиянын төрагасы: Рыскул уулу Канатбек –Байзак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Комиссиянын катчысы: Турганов Кумарбек – Байзак айыл өкмөтүнүн юридикалык маселелер, жарандардын арыз даттанууларын кароо, коомдук тартип, пробация жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кожомкулов Максат – Баш-Кууганды айылынын айыл башчысы.

Орозалиев Тимурлан –“Таза-Кайырма” МИнын директору.

Чубаков Мирбек –“Таза-Кайырма” МИнын жайыт кызматкери.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов