Редакцияот 27.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын 4-сессиясы

 

2025-жылдын 27-январындагы №2            

 

Калктуу конуштун аймагындагы мекеме ишканалардын

таштандыларын ташып чыгаруу үчүн

төлөмдү бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 20-декабрындагы № 24-4-12/13538 чыгышталган көрсөтмөнүн негизинде, КР нын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74 жана 75 беренелерине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн ар бир жанга 1 (бир) жылына 100 (жүз) сом өлчөмүндөгү салыкты бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жанга талкуулап Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын 4-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

  1. Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74 жана 75 калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн ар бир жанга 1 (бир) жылына 100 (жүз) сом өлчөмүндөгү салык бекитилсин.

 

  1. Калктуу конуштун аймагындагы мекеме ишканалардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн төлөмдү жагы салыкчы Б.Мураталиевке милдеттендирилсин

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага: Абдыразак уулу И