Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-ноябры № 6/1

 

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине Республикалык бюджеттен кошумча багытталган трансферт катары келип түшкѳн акча каражатын Муниципалдык мекеменин техникалык базасын чыңдоо үчүн Хундай үлүсүндѳгү эксковатор алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен кошумча 10 000 000 (он миллион) сом багытталган трансферт катары келип түшкѳн акча каражатын Муниципалдык мекеменин техникалык базасын чыңдоо үчүн Хундай үлусүндѳгү эксковатор алууга бѳлүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин кайрылуусун угуп талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Президетинин “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндөгү” №85 сандуу Жарлыгынын 4-пунктунун 7-абзацына ылайык “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен кошумча 10 000 000 (он миллион) сом багытталган трансферт катары келип түшкѳн акча каражаты Муниципалдык мекеменин техникалык базасын чыңдоо үчүн Хундай үлүсүндѳгү эксковатор алууга бѳлүнсүн.

2. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

  

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов