Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 20-мартындагы №31
«Токтогул шаардык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 05.03.2025-жылдагы № 01-18/475, 01-18/562, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 19.03.2025-жылдагы № 01-18/600, 01-18/601 сунуштары “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.03.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыкталды.
Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулуп, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө жогоруда аталган туруктуу комиссиянын 20.03.2025-жылдагы корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Жогорудагы корутундуга ылайык, аталган токтомдун 5-тирекемесиндеги:
1) 35- пункт менен эпизоотиялык кырдаалга каралган акча каржатынан 77 330 сом кыскартылсын, бул каражат төмөндөгү багыттар боюнча чыгымдалсын:
- Статья 2111 - 57 571 сом мэриянын кызматкери М.А.Айтмурзаевге иштебей калган күндөрү үчүн айлык акысын төлөп берүүгө ( Токтогул райондук сотунун 04.09.2024-ж ГД-672/24Д11 чечиминин негизинде);
- Статья 2215- 3502 сом мамлекеттик алым төлөөгө (Токтогул райондук сотунун 04.09.2024-ж ГД-672/24Д11 чечиминин негизинде);
- Статья 2215 – 500 сом – аткаруу жыйымын төлөөгө (Улук сот аткаруучунун 25.02.2025-жылдагы токтомунун негизинде);
- Статья 2215 - 5757 сом аткаруу жыйымын төлөөгө (Улук сот аткаруучунун 25.02.2025-жылдагы токтомунун негизинде);
- Статья 2215- 10 000 сом жогорудагы соттун чечими ыктыярдуу аткарылбагандыгы үчүн аткаруу жыйымын төлөөгө ( Улук сот аткаруучунун 25.02.2025-жылдагы токтомунун негизинде);
2) 38-пункт менен жарандык коргонууга каралган акча каражатынан 172 420 сом кыскартылсын, бул каражат А.Тешебаев атындагы орто мектептин ашканасынын чатырчасын ондоп-түзөө үчүн чыгымдалсын (Статья 2222).
3) 80-пункт менен жарандарга материалдык жардам көрсөтүүгө каралган акча каражатынан 150 000 сом кыскартылсын, бул каражат №02 “Арча Бешик” мектепке чейинки билим берүү уюмунда оптималдаштыруу иштеринин алкагында долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары бөлүнүп берилсин (Статья 3112).
4) 176, 184, 186, 194, 199, 205, 208, 210, 215, 242, 246-пункттары менен билим берүү уюмдарына видео көзөмөл орнотууга бөлүнгөн жалпы 1 478 800 сом акча каражаты кыскартылсын, бул каражат мектептерге видеокөзөмөл орнотуу үчүн кайрадан бөлүштүрүлүп, чыгымдалсын (Статья 2222).
3. Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
Төрага |
С.Т.Кылданов |