Редакцияот 28.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин I – чакырыгынын  иреттеги ачык V сессиясынын

  

2025-жылдын 28-марты № 35-5

Беш-Терек айылынын тургундарынын арыздарын кароо жөнүндө

 

      Беш-Терек айылынын айыл башчысы Абдибалиева А.Б., маалыматын угуп, талкуулап. Беш-Терек айылынын тургундары Русланбек уулу К., Хожиева С.И., Джакыпбаева Г.А., Сооронбаева Т.Ж  кайрылуусу эске алып, жана  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-декабрындагы №4-1 токтому менен бекитилген Айылдык Кеңештин Регламентинин 2 – главасына ылайык

Төрт-Гүл айыл аймагынын кеңеши

 

 ТОКТОМ  ЧЫГАРАТ:

               1.  Беш-Терек айылынын  Целинная көч. № 7/2, Достук көч.  №15/1,  Беш-Терек көч. №6/1, жана Беш-Терек көч.  № 6/2 дареги боюнча муниципалдык менчиктеги батирлерди сатууга Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Төрт-Гүл айыл өкмөтү аукцион  өткөрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.

Төрага

 

 Ж.К. Маматкеримов