Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-ноябры № 6/5

 

Баш-Кууганды айылындагы «Кайырма» каналын капиталдык ондоо үчүн айыл өкмөттүн өздүк салымына акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Баш-Кууганды айылындагы «Кайырма» каналын капиталдык ондоо долбоорун «Тенир-Тоо» ѳнуктүрүү фондуна ѳткѳрүүгѳ ѳздүк салым үчүн жалпы сметалык нарктын 20% денгээлинде 1млн 854 мин 700 сомбѳлүп берүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин кайрылуусун угуп талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Баш-Кууганды айылындагы «Кайырма» каналын капиталдык ондоо долбоорун «Тенир-Тоо» ѳнуктүрүү фондуна ѳткѳрүүгѳ ѳздүк салым үчүн жалпы сметалык нарктын 20% денгээлинде 1млн 854 мин 700 сомсом бѳлүнсүн.

2. Бөлүнгөн акча каражаты боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал райондук башкармалыгына кайрылуу, каражатты максатуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге жана башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин

3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

  

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов