БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 6/6
2023-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Байзак айылындагы Т. Бѳлѳкбаев кѳчѳсүн асфальттоо үчүн 2022-жылдын бюджетинен үнѳмдѳлгѳн каражаттан «ВЕРТЕКС» ЖЧКсына бѳлүнгѳн 3111 беренедеги 5216,1 миң сом акча каражатын кайра бѳлүштүрүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин кайрылуусун угуп талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Байзак айылындагы Т. Бѳлѳкбаев кѳчѳсүн асфальттоо үчүн 2022-жылдын бюджетинен үнѳмдѳлгѳн каражаттан «ВЕРТЕКС» ЖЧКсына бѳлүнгѳн 3111 беренедеги 5216,1 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бөлүнсүн
· “Таза-Кайырма” Муниципалдык ишканасына лизингке алынган комбайндын кредиттик төлөмүнүн калдык суммасын жабууга 2638,0 миң сом бөлүнсүн
· Баш-Кууганды айылындагы кѳчѳлѳргѳ ЖБИ столбаларын сатып алууга 400,0 мин сом бѳлүнсүн.
· Мектептер (А. Молдокеев жан Ш. Садыбакасов орто мектептери) үчүн үч фазалуу генераторлорду сатып алууга 280,0 миң сом 3112 беренесине жылдырылсын,
· Музыкалык мектеп маданият үйүндѳ жайгашкандыктан, музыкалык мектепке кѳмүр отунун сатып алуу үчүн 165,9 мин сом 2224 беренесине жылдырылсын,
· Калган 85,0 мин сом 2024-жыл үчүн массалык маалымат каражаттарына тактап айтканда газеталарга жазылуу үчүн 2215 беренесине жылдырылсын.
2. Бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал райондук башкармалыгына кайрылуу, каражатты максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге жана башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А.К. Ажыгулов |