Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 29-апрелиндеги №35
«Токтогул шаардык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жана үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 23.04.2025-жылдагы № 01-18/975 сунушу жана бюджет маселесине байланышкан башка кайрылуулар “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 24.04.2025-жылдагы жыйналышында каралган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги X сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Токтогул шаардык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 токтомунун 5-тиркемесинин 197-пункту менен “Адеми” балдар бакчасына бөлүнгөн акча каражатынан 311,6 миң сом акча каражаты кыскартылсын, бул каражат 3112 статьясы аркылуу чыгымдалсын.
3. 2025-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн 1135,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү багыттар боюнча чыгымдалсын:
- статья 2221 - 2,0 миң сом Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине курулган эстеликти сыроого;
- статья 2222 – 195,0 миң сом электроэнергия эсептегичтерди алууга (автоматтык эсепегичтер);
- статья 2215 – 100,0 миң сом Кызыл Туу айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эстелигин жылдыруу үчүн кошумча иштерге;
- статья 2211 – 50,0 миң сом Токтогул шаардык кеңешинин сапар чыгымдарына;
- статья 2215 – техникалык шарттарды алууга;
- статья 2222 – 14,0 миң сом “Акылай” балдар бакчасына (ар кандай иштерге);
- статья 2222 – 20,0 миң сом “Байчечекей” балдар бакчасынын конфоркасынын плитасын алмаштырууга;
- статья 2215 – 300,0 мин сом техникалык шарт алууга (9 даана светофорго, күн чыгыш, батыш тарабындагы “Токтогул” жазууга, LED экранга, Жаңы-Жол айылындагы кичи футбол аянтчасына)
- статья 2222 – 454,0 миң сом Комсомол айылындагы Манас орто мектебине кошумча класстык бөлмөлөрдү жасатууга (витраждарды орнотууга);
4. Республикалык бюджеттин эсебинен которулуп берилген 1730,4 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын, бул каражат статья 2215 аркылуу Жаңы-Жол айылынын башкы планын чийдирүү үчүн жумшалсын.
5. Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
6. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
7. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төрага |
С.Т.Кылданов |