Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 29-апрелиндеги №36
«Токтогул шаарында аксакалдар соттторунун Типтүү регламентин бекитүү жана курамдарын кайрадан шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамына ылайык, аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелери жөнүндө Типтүү регламент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 17.12.2024-жылдагы № 01-25/342 буйругу менен бекитилген. Аталган регламент Токтогул шаардык кеңешинин “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, мыйзамдуулук, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, талкууланды.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги X сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаарында аксакалдар сотторунун Типтүү Регламенти ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Административдик аймактык реформаны эске алуу менен, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте аксакалдар сотторунун курамын кайрадан шайлоо үчүн жыйналыштар уюштурулуп өткөрүлсүн.
3. Шайланган аксакалдар сотторунун мүчөлөрү каттоого алынсын, алардын жогоруда бекитилген регламентке ылайык иш алып баруусу үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.А.Асанбеков) тапшырылсын.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төрага |
С.Т.Кылданов |