Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 6/9
Баш-Кууганды айылындагы “Орто-Арык” каналын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө айыл өкмөттүн өздүк салымын кошуу жөнүндө
Баш-Кууганды айылындагы “Орто-арык” каналын капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорун “Жумгал” өнүктүрүүү фондуна өткөрүүгө өздүк салым 10% өлчөмүндө 174,655 миң сом бөлүбѳлүп берүү боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин кайрылуусун угуп талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Кууганды айылындагы “Орто-арык” каналын капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорун “Жумгал” өнүктүрүүү фондуна өткөрүүгө өздүк салым 10% өлчөмүндө 174,7 миң сом бөлүнсүн
2. Бөлүнгөн акча каражаты боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал райондук башкармалыгына кайрылуу, каражатты максатуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге жана башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А.К. Ажыгулов |