Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-ноябры № 6/10

 

Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 9 айынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө

 

Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 9 айда аткарылышы боюнча Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин жана социялдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 9 айынын киреше бөлүгү 40582,8 миң сомго, чыгаша бөлүгү 34929,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 9 айынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов