БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2023-жылдын 30-ноябры № 6/11
Байзак айылынын “Ардактуу атуулу”наамын берүү жөнүндө
Байзак айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Р.Текеевдин Байзак айылынын тургуну Ө.Жумалиевге Байзак айылынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча кайрылуусун карап, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Байзак айылынын тургуну Ө.Жумалиевге Байзак айылынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А.К. Ажыгулов |