Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-июлундагы № 45-5
“Кызгалдак" бала бакчасын Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчиктеги мүлк жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жөнүндө Жобого ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсульдаевдин ведомстволук «Кызгалдак» бала бакчасын №8 СИН мекемесинин алдында айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап
Төрт-Гүл айылдык кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. №8-СИН мекемесинин алдындагы ведомстволук «Кызгалдак» бала бакчасын муниципалдык менчикке кабыл алууга Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсульдаев Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектүү документтерди даярдоону камсыз кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |