Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 29-апрелиндеги №37
«Токтогул шаарына караштуу айылдарда ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн тарифти бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул өдүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин 30.01.2025-жылдагы № 01-3/22 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 28.04.2025-жылдагы жыйналышында каралган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги X сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул өдүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин 30.01.2025-жылдагы № 01-3/22 сунушу боюнча жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу кодоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Ага ылайык, Токтогул шаарына караштуу Кызыл-Туу, Бала-Чычкан, Арал, Жаңы-Жол айылдарындагы суу пайдалануучу ар бир кожолук үчүн төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
- үйүнүн ичинде суусу бар суу пайдалануучуларга- 200 сом/айына;
- сууну сырттан ташып ичкен суу пайдалануучуларга-100 сом/айына;
3. Суу пайдалануучулар менен эки тараптуу келишимдер түзүлсүн.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), Токтогул өндүруштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчисине (Ч.Анарбаев), милдеттендирилсин.
6. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төрага |
С.Т.Кылданов |