Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-ноябры № 6/12

 

2024-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын кароо жөнүндө

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы кезектеги сессиясынын №6 протоколунун негизинде, Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевдин сунушун угуп, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Байзак айыл аймагындагы Т.Бөлөкбаев көчөсүн асфалтоого,“Тынай” арыкты оңдоп түзөөгө, жаңы конуштарга электр энергиясын тартууга, жолдорун оңдоого жана жер астынан суу чыгаруу (скважня) үчүн керектүү акча каражаты 2024-жылдын бюджетинин эсебинен каралсын.

2. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов