Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 29-апрелиндеги №38
«Ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү чогултуунун көрсөткүчүн жогорулатуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 04.07.2018-жылдагы №234-т тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Токтогул “Суу Канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын ортосунда 27.07.2018-жылы №19-04-01/43 субкредиттик келишими түзүлгөн. Ага ылайык, Токтогул шаарында суу түтүктөрүн реабилитациялоо боюнча долбоордун 1-фазасы аяктап, суу түтүктөрү пайдаланууга берилендиктен, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд тарабынан аталган долбоордун кредиттик бөлүгүн төлөө боюнча графиги бекитилип келген. Токтогул “Суу Канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаев учурда суу пайдануучулардын жоопкерчиликтерин жогорулатуу менен кредитти өз убагында төлөп туруу максатында зарыл чараларды көрүү керектигин билдирип, суу пайдалнуучулар төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн учурда, абоненттерге суу берүүнү убактылуу токтотуп туруу боюнча сунушун берди ( 30.01.2025-жылы №01-3/22 сунуш).
Жогорудагы сунуш боюнча маалымат, билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги X сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Токтогул “Суу Канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасынын ортосунда түзүлгөн 27.07.2018-жылы №19-04-01/43 субкредиттик келишимдин алкагында аталган долбоордун кредиттик бөлүгүн өз убагында төлөп туруу зарылчылыгы боюнча Токтогул өдүрүштүк-эксплуатациялык “Суу Канал” ишканасынын жетекчиси Ч.Анарбаевдин 30.01.2025-жылдагы № 01-3/22 сунушу эске алынсын.
2. Ичүүчү сууну пайдаланганы үчүн төлөмдөрдү чогултуунун көрсөткүчүн жогорулатуу максатында зарыл чаралар көрүлсун.
3. Төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн абоненттерге (физикалык, юридикалык, жактарга, коммерциялык уюмдарга ж.б) суу берүүнү убактылуу токтотуу жагы каралсын.
4. Ушул токтомдун 3-пунктун мыйзамдарда каралган тартипте ишке ашыруу жолдору эки тараптуу келишимдин бир пункту менен белгиленсин, бул багытта абоненттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), Токтогул өндүруштүк-эксплуатациялык “Суу канал” ишканасынын жетекчисине (Ч.Анарбаев) милдеттендирилсин.
7. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төрага |
С.Т.Кылданов |