Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-июлундагы № 46-6
Төрт-Гүл айыл аймагынын жалпы билим берүү мекемелеринин аталышын өзгөртүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Айыл өкмөткө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин аталыштарын өзгөртүү маселесин кароо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсульдаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү инсандарынын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Комиссия жөнүндө жобонун «Ат берүү тартиби» бөлүмүнө ылайык 2013-жылы №244 токтом менен бекитилген,
Төрт-Гүл айылдык кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1.Төрт-Гүл айыл аймагындагы муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин аталышын өзгөртүү боюнча комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: Маматкеримов Ж.К. – айылдык кеңештин төрагасы
Төраганын орун басары: Абдибалиев А.Б. – а/ө башчысынын орун басары
Комиссиянын катчысы: Табалдиева С.К. – а/кеңештин жооптуу катчысы
Комиссиянын мүчөлөрү: Борбушев Б.О. – аксакалдар сотунун мүчөсү
Джайлобеков А. – Предтеченка а. башчысы
Иманбеков А. – Ан-Арык айылынын башчысы
Молдошов Т.М. – айылдык кеңештин депутаты
Оробаева З.М. – айылдык кеңештин депутаты
Абдыразаков Р.Т. – айылдык кеңештин депутаты
Федченко Г.Г. – аксакалдар сотунун мүчөсү
Абдразаков К. – аксакалдар сотунун мүчөсү
2. Комиссия төмөнкү иштерди камсыз кылсын: • Айыл аймактын жашоочуларынын катышуусу менен талкуу уюштуруу; • Калктан жана мектеп жамаатынан сунуштарды чогултуу жана талдоо; • Аталышты өзгөртүүгө негиздеме даярдоо; • Сунуштарды айылдык кеңештин кароосуна чыгаруу; • Аталышты өзгөртүү боюнча тескемесин долбоорун даярдоо.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |