Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-ноябры № 6/13

 

Байзак айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин Байзак айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү боюнча сунушун карап,талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Байзак айыл аймагында мүлк салыгы киргизилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына жана Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов