Редакцияот 28.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы

 

 

2023-жылдын 28-декабры № 7/1

 

Байзак айыл аймагында Байзак айыл өкмөтүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адис статистик штат бирдигин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүү жөнүндө” №145 токтомунун негизинде, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” токтомунун 29-беренесинин 2-3- пунктарын жетекчилике алып, сессияда талкуулап Байзак айыл айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жумгал районунун Байзак айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Нарын облустук статистика башкармалыгынын Жумгал райондук статистика бөлүмү менен Жумгал районунун Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда 2024-жылдын 1-январында түзүлө турган эки тараптуу келишими жана жетектөөчү адис статистик штат бирдиги бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” токтомунун 29-беренесинин талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти каржылоого керектелүүчү финансалык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.

3. Жумгал районунун Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтү, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти кызматтык бөлмө менен камсыз кылсын.

4. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

 

  

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов