БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2023-жылдын 28-декабры № 7/2
Байзак айыл аймагындагы Таш-Арык участкасындагы аталган көчөлөрдүн аттарын бекитүү жөнүндө
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин Байзак айыл аймагындагы Таш-Арык участкасындагы аталган көчөлөрдүн аттарын бекитип берүү боюнча сунушун карап, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Байзак айыл аймагындагы Таш-Арык участкасындагы мурда аталып жүргөн Токтогул Макеев, Жолдошбек Үркүнчиев, Таалайбек Тукеев, Советбек Айбашов көчөлөрүнүн аттары, ушул аталган боюнча Токтогул Макеев, Жолдошбек Үркүнчиев, Таалайбек Тукеев, Советбек Айбашов деп бекитилсин.
2. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А.К. Ажыгулов |