БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2023-жылдын 28-декабры № 7/3
Байзак айыл аймагындагы Баш-Кууганды айылынын Керезбек- 2 участкасындагы көчөнүн атын бекитүү жөнүндө
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Женалиевдин Байзак айыл аймагындагы Баш-Кууганды айылынын Керезбек-2 участкасындагы жаны түшкөн көчөнүн атын Керезбек Бектурсунов көчөсүнө кошуп улантып Керезбек Бектурсунов көчөсү деп бектитип берүү боюнча сунушун карап, талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Байзак айыл аймагындагы Баш-Кууганды айылынын Керезбек-2 участкасындагы жаңы көчөнүн аты Керезбек Бектурсунов көчөсүнө кошуп улантылып Керезбек Бектурсунов көчөсү деп бектилсин.
2. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы: |
|
А.К. Ажыгулов |