Редакцияот 28.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы

 

 

2023-жылдын 28-декабры № 7/4

 

Байзак айыл аймагындагы « Таза Кайырма» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо үчүн «Айыл Банк» ААК нан лизингге эксковатор жана цемент аралаштыргыч (миксер) алуу жѳнүндѳ

 

Байзак айыл аймагындагы «Таза Кайырма» муниципалдык ишкананын техникалык базасын чыңдоо үчүн «Айыл Банк» ААК нан лизингге эксковатор жана цемент чылагыч алуу (миксер) алуу боюнча Айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Байзак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байзак айыл аймагынын Муниципалдык ишкана үчүн Айылдык кеңештин 30-ноябрь 2023-жылдагы № 6/1 токтомунда белгиленген 10 000 000 (он миллион) сомдун 8 800 000 (сегиз миллион сегиз жүз миң) сому лизингге алына турган «Hyundai» үлгүсүндѳгү эксковатору баасы 12 150 000 ( Он эки миллион бир жүз элүү миң) сом жана ѳзү жүктѳп цемент чылагыч «AIMAX AS» үлүгүсүндѳгү аралаштыргыч баасы 38000 (Отуз сегиз миң ) $ долларлык техникалардын ѳздүк салымына ал эми 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сому техникаларды камсыздандыруу жана каттоо иштерин жүргүзүүгѳ чыгымдоолорго бекитилип берилсин.

2. Жогорудагы аталган техникалардын тѳлѳѳ мѳѳнѳтү тѳлѳмүнүн жылдык пайызы 17% болуп 6 (алты) жыл жана ар жылдык кредиттик тѳлѳм жүргүзүү алынган техникалардын кызмат кѳрсѳтүүлѳрүнѳн түшкѳн каражат аркылуу ишке ашырыла тургандагы муниципалдык ишканага жүктѳлгѳндүгү белгиленсин. (кызмат кѳрсѳтүү тарифинин таблицасы тиркелет)

3. Алынып келинүүчү техникалар айыл айыл аймагындагы «Таза Кайырма» муниципалдык ишкансынын карамагына берилүүсү менен жаңы техникалардын ар жылдык кирешеси жана чыгашалары боюнча бухгалтериялык эсеп кысап жүргүзүү жагы муниципалдык ишкананын уставында кѳрсѳтүлгѳн тартипте жүргүзүлсүн.

4. Алынып келинген техникаларды кабыл алуу жана аларды каттоодон ѳткѳрүү боюнча иш алып баруу Байзак айыл ѳкмѳтү менен «Таза Кайырма» муниципалдык ишканасына жүктѳлсүн.

5. Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов