Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган I сессиясы
2024-жылдын 28-наябрындагы №4
Тогуз-Торо айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн курултайын чакыруу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрь №271 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын берген сунушун угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагында Курултай 2024-жылдын 07-декабрь күнү саат 10-00 дө Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өткөрүлсүн.
2.Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн айыл аймагы төмөнкүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Ленин, Дөдөмөл, Кош-Булак, Өрнөк айылдары.
3.Тогуз-Торо айыл аймагы боюнча делегаттардын жалпы саны 50 адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй ирээтте көрсөтүлсүн.
-Ленин айылы боюнча делегаттардын саны 28 адам;
-Дөдөмөл айылы боюнча делегаттардын саны 15 адам;
-Кош-Булак айылы боюнча делегаттардын саны 5 адам;
-Өрнөк айылы боюнча делегаттардын саны 2 адам;
4.Ар бир аймактык бөлүктөрүндө Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Ленин айылында 2024-жылдын 04-декабрь күнү саат 14-00 дө айыл өкмөтүнүн жыйындар залында;
-Дөдөмөл айылында
2024-жылдын 05-декабрь күнү саат 10-00 дө Дөдөмөл айылдык клубунун имаратында;
-Кош-Булак айылында 2024-жылдын 05-декабрь күнү саат 12-00 дө Ы.Кадыркулов атындагы орто мектебинин имаратында;
-Өрнөк айылында 04-октябрь күнү саат 10-00 дө Аскалы башталгыч мектебинин имаратында;
5. Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир аймактык бөлугүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
Ленин айылы боюнча:
Тилеманбетов Акназар- К.Азаматов көчөсү;
Бейшенбек уулу Нурсултан - Ы.Кадыркулов,Горная көчөлөрү;
Атанаева Айпери-Р.Чокморов,Т.Жээналиев, К.Абдыжапаров көчөлөрү;
Бекташова Жанара-Тобок Т.Шайнаев көчөлөрү;
Абылкасымова Нарынкүл -Т.Мурзалиев, Я.Бердалиев көчөлөрү;
Талантбек уулу Таалай-Т.Кожалиев көчөсү;
Дөдөмөл айылы боюнча:
Кыдыкбаева Бейшебүбү-Мектеп,Демилге,Дөдөмөл-6көчөлөрү;
Эркинбаев Анарбек-Дыйкан,Береке,Дөдөмөл-2,Дөдөмөл-7 көчөлөрү;
Кош-Булак айылы боюнча
Каамытов Майрамбек;
Өрнөк айыл боюнча:
Тилеманбетов Акназар-Базар,Мазар көчөлөрү;
6.Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 9(тогуз) адам деп бекитилсин жана төмөндөгудөй курамда түзүлсүн:
Токтожумаев Урмат Акматбекович-жумушчу топтун төрагасы,айылдык кенештин төрагасы;
Арыкмолдоева Ульзана Абдылдаевна–жумушчу топтун катчысы, айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы;
Эгембердиева Таалайбүбү Сатыбалдиевна-жумушчу топтун төрагасынын орун басары,айылдык кенештин депутаты;
Тилеманбетов Акназар Садырович-жумушчу топтун мүчөсү,айылдык кенештин депутаты;
Бейшенбек уулу Нурсултан –жумушчу топтун мүчөсү,айылдык кенештин депутаты;
Бекташова Жанара Бекташовна -жумушчу топтун мүчөсү,айылдык кенештин депутаты;
Атанаева Айпери -жумушчу топтун мүчөсү,айылдык кенештин депутаты;
Турусбеков Дамирбек Оболканович- жумушчу топтун мүчөсү,Дөдөмөл айылынын башчысы;
Токтогазы уулу Эрлан- жумушчу топтун мүчөсү,Кош-Булак айылынын башчысы;
Шайнаева Рыскүль Теңирбердиевна- жумушчу топтун мүчөсү,Өрнөк айылынын башчысы;
Молдалиев Алтын Советбекович- жумушчу топтун мүчөсү,айыл өкмөтүнүн адиси;
Таалайбеков Аманбек Таалайбекович- жумушчу топтун мүчөсү, айыл өкмөтүнүн адиси;
7.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
8.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өз жоопкерчилигиме калтырамын
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы У.А. Токтожумаев