Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-августундагы №48-2
Муниципалдык техника сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А.нын маалыматын угуп жана талкуулап, Мамлекеттик лизинг компаниясынын 2025-жылдын 30-июлундагы №1-08-2/214- катын жана Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т токтомун аткаруу максатында.
Төрт-Гүл айылдык кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1.Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтү үчүн «Chevrolet Tracker» үлгүсүндөгү кызматтык унааны ААК «Мамлекеттик лизинг компаниясынан» лизингке алууну жактырсын.
2. Унааны лизинг мөөнөтүнүн ичинде камсыздандыруу жана башка тейлөө чыгымдары айыл өкмөтүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Лизинг боюнча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн бюджети эсебинен 5 жыл ичинде жүргүзүлсүн.
4. ААК «Мамлекеттик лизинг компаниясы» менен лизинг келишимине жана ага тиешелүү бардык документтерге кол коюу укугу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Жениш Абдыдалифовичке берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Туруктуу бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик ишмердүүлүк боюнча комиссияга жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А.га жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |