Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 29-майындагы №39
«Токтогул шаарына жана ага караштуу айылдарда катуу тиричилик таштанды калдыктарын чыгаруу үчүн тарифти бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарында жана ага караштуу айылдарда катуу тиричилик таштанды калдыктарын чыгаруу үчүн тарифти бекитүү максатында,Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын 17.03.2025-жылдагы№ 01-18/70 кайрылуу каты, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 28.05.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун жана депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Катуу тиричилик таштанды калдыктарын чыгаруу үчүн Токтогул шаарында жана Токтогул шаарына караштуу Жаңы-Жол айылында бир айда 2 жолу чыгарылып, таштанды чыгаруу тарифи ар бир кожолук үчүн 200 сом, ал эми Куйбышев, Арал, Кызыл-Туу,Кара-Суу жана Комсомол айылдарында айына бир жолу чыгарылып, таштанды чыгаруу тарифи ар бир кожолук үчүн 100 сом болуп бекитилсин.
3. Таштанды чыгаруу тарифтери боюнча айыл тургундарына 1 ай ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директору(М.Абдылдаев) аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчынын милдетин убактылуу аткаруучу (Ж.Момунбекова) тапшырылсын.
7. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап,Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 2022-жылдын 23-ноябрындагы кезексиз VII сессиясынын № 17, Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2024-жылдын 15-февралындагы кезексиз XXXXII сессиясынын № 34 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |