Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 29-майындагы №39
«Токтогул шаардык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 токтомунуна өзгөртүүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 22.05.2025-жылдагы №01-18/1162 сунушу, №13 “Балалык” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору А.Сатыкееванын 20.05.2025-жылдагы кайрылуу каты Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 28.05.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун жана депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Мамлекеттик сатып алуудан үнөмдөлгөн 257 300 сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын :
-Статья 2221-121 000 сом “Балалык” мектепке чейинки билим берүү уюмунун ремонт иштерин жасоого ;
-Статья 2215-5300 сом Е-кызмат программасын кошууга ;
-Статья 2222-60 000 сом АСКУЕ электрондук эсептегич алууга ;
-Статья 2231-5100 сом “Жашыл Мурас” улуттук программасынын алкагында “Тегерек” участкасына тигилген көчөттөрдү сугаруу үчүн акы төлөөгө ;
-Статья 2215-65 900 сом 11 мектептин видео көзөмөлүнүн интернет акысын төлөөгө(2 айга) :
3. № 13 “Балалык” мектепке чейинки билим берүү уюмундагы кроваттарды сатуудан түшкөн 35 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын жана ремонт иштерине жумшалсын.
4. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчынын милдетин убактылуу аткаруучу (Ж.Момунбекова) тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |