Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 29-майындагы №41
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелери тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобону бекитүү боюнча »
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелери тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобону бекитүү боюнча,
Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаев 29.05.2025-жылдагы № 01-18/1203 сунушу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелери тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобону бекитип берүү боюнча кайрылган.
27.08.2025-жылы аталган Жобо “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, мыйзамдуулук, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясы жыйналышында каралып, жыйынтыгы жалпы сессиянын кароосуна сунушталган.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусун, угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелери тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө типтүү Жобону” бекитүү боюнча туруктуу комиссиянын корутундусу жактырылгандыгы белгиленсин, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаарынын мэрине ( Д.Максутбаев) тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, КР ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчынын милдетин убактылуу аткаруучу (Ж.Момунбекова) тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |