Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-августундагы №49-3
“Төрт-Гүл” муниципалдык ишканасына жылуулук берүү кызматкерлеринин айлык карызын жабууга субсидия бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги «Отун-энергетика комплекси боюнча кээ бир маселелер жөнүндө» УП №89 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы «Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин карамагындагы «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасын реорганизациялоо жөнүндө» №345 токтомуна ылайык, «Беловодское райондор аралык жылуулук менен суу берүү ишканасы» мамлекеттик ишканасынан Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына объектилер өткөрүлүп берилгени белгиленди. Ошондой эле айлык карызы, социалдык төгүмдөр жана киреше салыгы боюнча жалпы суммасы 260,0 миң сом болгон карыз бар экени маалымдалды. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.Анын маалыматын угуп жана талкуулап,
Төрт-Гүл айылдык кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысына муниципалдык ишкана «Төрт-Гүлгө» айлык карызды, социалдык төгүмдөрдү жана киреше салыгын төлөөгө 260,0 миң сом суммада, «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасын субсидиялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен субсидия бөлүнсүн.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |