Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-августундагы № 50-4
Төрт-Гүл айыл аймагынын аксакалдар сотунун курамын жана
Жобосун бекитүү жөнүндө
Регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча комиссиянын төрагасы Лепшаков Х.Анын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соту жөнүндө» Мыйзамына ылайык, коомдук тартипти камсыз кылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде элдешүү жана адилеттүүлүк институтун чыңдоо, ошондой эле аксакалдар сотунун натыйжалуу ишин уюштуруу максатында:
Төрт-Гүл айылдык кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Төрт-Гүл айыл аймагынын аксакалдар сотунун төмөнкүдөй курамын бекитсин:
- Борбушев Бекболот Осокеевич – Султанов Айтмамат – Темирбеков Малик Мажеринович – Акматов Эсенбек – Абдразаков Калыбек Кубатбекович – Федченко Григорий Гаврилович – Бексултанов Бактияр Протпекович – Омуркулов Калбек Дутанович – Бекбаев Токтоналы
2. Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соту жөнүндө” Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан Төрт-Гүл айыл аймагынын аксакалдар сотторун каттоо жана алардын мүчөлөрүнө кызматтык күбөлүк берүү тартиби жөнүндөгү Жобону бекитсин. (Жобо кошумча тиркелет).
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду бекитилген аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрүнө жеткирүүнү камсыз кылсын.
4. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотунун курамын каттоону жана белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөрдү төрагага жана мүчөлөрүнө берүүнү камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |