Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2025-жылдын 30-июнундагы №42
«2026-2028-жылдарга жергиликтүү кирешелердин планынын
болжолун бекитүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 26.06.2025-жылдагы № 01-18/1489 сунушу, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 30.06.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун жана депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган туруктуу комиссияны чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2.Токтогул шаарынын жана айыл аймактарынын 2026-2028-жылдарга жергиликтүү кирешелердин администрациялоо планынын болжолу 132758,6 сом алымча кошумчасы менен бекитилсин.
3.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчынын милдетин убактылуу аткаруучу (Ж.Момунбекова) тапшырылсын.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |