Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-августундагы № 51-5
Төрт-Гүл айыл аймагынын жалпы билим берүү мекемелерин кайра аталоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциясына Мыйзамына ылайык, жалпы билим берүү мекемелеринин аталыштарын тартипке келтирүү, тарыхый жана маданий эс тутумду сактоо, жаштардын патриоттук тарбиясын жогорулатуу максатында жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү инсандарынын элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Комиссия жөнүндө Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-апрелиндеги №244 токтому менен бекитилген, ошондой эле 2025-жылдын 5-августундагы комиссиянын протоколуна ылайык
Төрт-Гүл айылдык кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1.Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелерин кайра аталышын жөнгө салуу тартибин бекитүү.
2.Жалпы билим берүү мекемелеринин аталыштарына төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү:
3. а) Петровка орто жалпы билим берүү мектебин өзгөртүүсүз калтырылсын.
б) Беш-Терек орто жалпы билим берүү мектебин “Төрөкул Айтматов атындагы орто жалпы билим берүү мектеби” деп кайра аттоо. в) “Аленка” балдар бакчасын “Байнур” балдар бакчасы деп кайра аттоо. г) Беш-Терек айылындагы балдар бакчасын “Нур” балдар бакчасы деп кайра атоо
4. Бул токтомду Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүү, мамлекеттик нормативдик укуктук актылар реестрине киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Б.Коешевга жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.К. Маматкеримов |