Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2025-жылдын 30-июнундагы №43
«Токтогул шаардык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 токтомунуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, шаардык кеңештин депутаты А.Жолдошбековдун 30.06.2025-жылдагы кайрылуу каты, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 30.06.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын корутундусун жана депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө жогоруда аталган туруктуу комиссиянын 30.06.2025-жылдагы корутундусу жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2.Жогорудагы корутундуга ылайык, аталган токтомдун 5-тиркемесиндеги :
- Уй сарай участкасынан Комсомол айылынын башындагы көпүрөгө чейин тротуар курууга каралган 500 000 сом акча каражаты балдар ойноочу аянтча курууга багыты өзгөртүлсүн.
Статья 3111 өзгөртүүсүз калтырылсын
3.Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысына(Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
4.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү багытында иш алып баруу жооптуу катчынын милдетин убактылуу аткаруучу (Ж.Момунбекова) тапшырылсын.
7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |