Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 23-июлундагы №44
«2025-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин отчету жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Токтогул шаардык кеңешинин 2025-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык, Токтогул шаарынын аймагында 2025-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программанын аткарылышы, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, сырттан инвестицияларды, гранттарды тартуу иштери боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин отчету Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.07.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын корутундусун жана башка туруктуу комиссиялардын жана депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 2025-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы менен аткарган иштери жөнүндөгө отчету жалпысынан канааттандырарлык эмес деп табылгандыгы белгиленсин.
2.Төмөндөгү багыттарда натыйжалуу иштер жүргүзүлсүн:
- жергиликтүү бюджеттин киреше булагын түзүүчү салыктардын түрлөрү боюнча бекитилген пландарды өз убагында аткарылышын камсыздоо, кошумча киреше табуунун алкагында иш жүргүзүү;
- сырттан инвестиция, гранттарды тартуу, ички инвестицияларды пайдалануу багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүү;
- “Токтогул шаарынын суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо” долбоорунун алкагында алынган кредиттик суммага карата пайыздардын, айыптардын өсүп жаткандыгына байланыштуу, Финансы-кредиттик фонду тарабынан бекитилип берилген графиктин негизинде белгиленген төлөмдөрдү төлөө боюнча жоопкерчиликтүү иш алып баруу;
- берилген протоколдук тапшырмалардын өз убагында аткарылышын камсыздоо;
- Токтогул шаарында жана ага караштуу айыл аймактарында тазалыкты камсыздоо, катуу тиричилик таштанды калдыктарын өз убагында чыгарып туруу багытында жеткиликтүү иш алып баруу боюнча “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынан жетекчисине катуу талаптарды коюу;
- шаар мэриясына караштуу муниципалдык ишканалардын (“Ыңгайлуу шарт”, Токтогул Суу-Канал өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканалары) бюджетинин киреше бөлүгүн түзүүчү тарифтик төлөмдөрдү кызмат пайдалануучулардан чогултуу жагында орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
- кызматкерлердин өз милдеттерин аткарууда жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иш алып баруу;
3.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
4.Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |