Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 23-июлундагы №45
«06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү, пландан ашыкча түшкөн, колдонулбай калган, үнөмдөлгөн каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 16.07.2025-жылдагы № 01-18/1748 сунушу жана бюджет маселесине байланышкан башка кайрылуулар “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.07.2025-жылдагы жыйналышында каралган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 токтомунун 5-тиркемесинин төмөндөгү пункттарында көрсөтүлгөн акча каражаттары кыскартылсын:
- 27-пунктунан Статья 2215 - 100,0 миң сом;
- 93 -пунктунан Статья 2111 - 87,2 миң сом;
- 71-пунктунан Статья 3111 – 1998,9 миң сом;
- 76-пунктунан Статья 2511 – 53,6 миң сом;
Жалпы:2239,7 мин сом
2.2025-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгында конкурс өткөрүүнүн жыйынытыгы менен 661,1 миң сом үнөмдөлгөндүгү жана жергиликтүү бюджетке пландан ашыкча 2332,6 миң сом түшкөндүгү белгиленсин.
3.Ушул токтомдун 1,2-пункттарында көрсөтүлгөн жалпы 5233,4 миң сом акча каражаттарын чыгымдоо багыттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
5.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
6.Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
7.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төрага |
С.Т.Кылданов |