Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 23-июлундагы №46
«Мүлктү муниципалдык мечикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын Момункулов көчөсүндөгү № 7, 7/1, 18 даректеринде жайгашкан мүлктөрдү муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 17.07.2025-жылдагы 01-17/1752 каты Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын 17.07.2025-жылдагы жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаарынын Момункулов көчөсүндө жайгашкан төмөндөгү мүлктөрдү муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилгендиги белгиленсин:
1) Момункулов № 7 дарегиндеги идентификациялык коду 3-07-01-1001-2151 от жагуучу жай (котельный) багытындагы 2600 (эки миң алты жүз) чарчы метр жер тилкеси;
2) Момункулов № 7 дарегиндеги идентификациялык коду 3-07-01-1001-2397 административдик имарат багытындагы 6100 (алты миң бир жүз) чарчы метр жер тилкеси;
3) Момункулов № 7/1 дарегиндеги идентификациялык коду 3-07-01-1001-3176 турак-жай багытындагы 2000 (эки миң) чарчы метр жер тилкеси;
4) Момункулов №18 дарегиндеги идентификациялык коду 3-07-01-1001-2154 турак жай багытындагы 500(беш жүз) чарчы метр жер тилкеси;
2. Аталган мүлктөргө муниципалдык менчик укугун тастыктоочу документтерди алуу боюнча бардык иштер жер, мүлк маселелерине тиешелүү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлсүн.
3.Мүлктү мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлө тургандыгы эске алынсын.
4.Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |