Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 23-июлундагы №47
«Токтогул шаарында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобону бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 28.07.2022-жылдагы № 189 буйругуна ылайык, Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобону бекитип берүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 17.07.2025-жылдагы №01-18/1750 сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын 17.07.2025-жылдагы жыйналышында, “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, мыйзамдуулук, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында 22.07.2025-жылдагы жыйналышында каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.
Аталган туруктуу комиссиялардын корутундуларын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиялардын чечимдери жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2.Токтогул шаарында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3.Объекттерди ижарага, пайдаланууга берүү аталган типтүү жобонун жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулсун, керектүү иш кагаздардын үлгүлөрү бекитилген жобого тиркелип берилгендиги эске алынсын.
4.Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (Н.Асанбеков, Ч.Иманбаев) тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |