Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 23-июлундагы №48
«Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын 29.05.2025-жылдагы кезексиз XI сессиясынын № 39 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” “Жергиликтүү кенештеринин депутаттары жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарына караштуу Кара-Суу, Балачычкан, Арал, Кызыл-Туу, Комсомол айылдарынан катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн тарифти кайрадан бекитүү боюнча өткөрүлгөн жыйналыштардын протоколдорун эске алып, “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Абдылдаевдин 22.07.2025-жылдагы № 01-17/244 сунушу, Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.07.2025-жылдагы жыйналышында каралып, жыйынтыгы сессияга сунушталган.
Аталган туруктуу комиссиялардын корутундуларын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечими жалпысынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2.Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын 29.05.2025-жылдагы кезексиз XI сессиясынын № 39 токтомунун 2-пунктундагы «ал эми Куйбышев, Арал, Кызыл-Туу, Кара-Суу жана Комсомол айылдарында айына бир жолу чыгарылып, таштанды чыгаруу тарифи ар бир кожолук үчүн 100 сом» деген сөздөр алынып салынсын, төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Төмөндөгүдөй мазмундагы 21 –пункт менен толукталсын:
«21 –пункт 2025-жылдын 1-августунан баштап Токтогул шаарына караштуу Куйбышев, Арал, Кызыл-Туу, Кара-Суу жана Комсомол айылдарында катуу тиричилик таштанды калдыктарын бир айда эки жолу чыгарып кетүү шарты менен ар бир кожолук үчүн айына 200 (эки жүз) сомдон тарифтик төлөм бекитилсин»
3.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев), “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын директоруна (М.Абдылдаев) аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |