Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 23-июлундагы №49
«Токтогул шаарынын аймагында таштанды ташып чыгаруу үчүн
жыйым киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 73-76 беренелерине ылайык, Токтогул шаарынын аймагында таштанды ташып чыгаруу үчүн жыйым киргизүү жөнүндөгү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун 21.07.2025-жылдагы №01-17/4078 каты “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.07.2025-жылдагы жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.
Жыйынтыгында, аталган туруктуу комиссиянын жыйналышынын корутундусун, башка чыгып сүйлөгөн депуттатардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Токтогул шаарында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым бир эсептик көрсөткүч (100 сом) өлчөмүндө бекитилсин.
2.Жогоруда бекитилген жыйым жумушчулардын санына жараша төмөндөгүлөрдөн алынсын:
- Токтогул шаарынын аймагында капиталдык жана/же убактылуу курулуштун ээлеринен;
- жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн арналган имараттардын/курулмалардын ээлеринен;
- имарат/курулмаларды ижарага берүүчүлөрдөн;
- мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги имараттар бекитилип берилген уюмдар, ишканалардан жана мекемелерден;
3.Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
4.Жыйымды төлөө жана отчет берүү мөөнөтү ар бир жылдын 1-июлуна чейин белгиленсин.
5.Бул жыйым Токтогул шаар аймагындагы жөнөкөй жашоочуларга жайылтылбай тургандыгы эске алынсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
7.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
9.Бул токтом расмий жаряланган күндөн баштап күчүнө кирет.
10.Ушул токтом колдонууга киргизилген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясынын № 56 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага |
С.Т.Кылданов |