Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 23-июлундагы №50
«Токтогул шаарында “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Мыкты айыл”, “мыкты мекеме”, “Мыкты ишкер” сынагын өткөрүүнүн тартиби боюнча Жобону бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамына, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 06.09.2022-жылдагы № 305 “ Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алуу максатында иштелип чыккан “Токтогул шаарында “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Мыкты айыл”, “Мыкты мекеме”, “Мыкты ишкер” сынагын өткөрүүнүн тартиби боюнча Жобону бекитүү жөнүндө” шаар мэри Б.Д.Максутбаевдин 21.07.2025-жылдагы №01-18/1770 сунушу Токтогул шаардык кеңешинин “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, мыйзамдуулук, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында 22.07.2025-жылдагы жыйналышында каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.
Аталган туруктуу комиссиялардын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечимине ылайык, Токтогул шаарында “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Мыкты айыл”, “Мыкты мекеме”, “Мыкты ишкер” сынагын өткөрүүнүн тартиби боюнча Жобо сунушталган тартипте бекитилсин.
2.Аталган сынактарда өткөрүүгө, номинацияларды ыйгарууга байланышкан иш-аракеттер бекитилген Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3.Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Асанбеков) тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |
| БЕКИТИЛДИ Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын 23.07.2025-жылдагы кезектеги XIII сессиясынын № 50 токтому Тиркеме |
Токтогул шаардык мэриясынын «Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчө», «Мыкты айыл»,
«Мыкты мекеме», «Мыкты ишкер», номинациялары боюнча жобосу
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Үлгүлүү үй», «Үлгүлүү көчө», «Мыкты айыл», «Мыкты мекеме», «Мыкты ишкер» номинациялары боюнча сынак өткөрүүнүн тартибин жана талаптарын аныктайт. 1.2. Сынактын негизги максаты — жашоо чөйрөсүн жакшыртуу, санитардык абалды көтөрүү, көрктөндүрүү жана жашоочуларды коомдук иштерге активдүү катышууга үндөө. 1.3. Сынак жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен жыл сайын уюштурулат.
2. Сынакка катышуучулар
2.1. «Үлгүлүү үй» номинациясына Токтогул шаар ичиндеги жана шаарга караштуу айылдардагы турак үйлөрдүн кожоюндары катыша алышат. 2.2. «Үлгүлүү көчө» номинациясына Токтогул шаар ичиндеги жана шаарга караштуу айылдардагы көчөлөрдүн тургундары топ болуп катышат. 2.3. «Мыкты айыл» номинациясына Токтогул шаар ичиндеги кичи райондор жана шаарга караштуу айылдар толугу менен катышат.
2.4. «Мыкты мекеме» номинациясына Токтогул шаар ичиндеги жана шаарга караштуу айылдардагы мекемелер катышат.
2.5. «Мыкты ишкер» Токтогул шаар ичиндеги жана шаарга караштуу айылдардагы ишкерлер катышат.
3. Негизги талаптар жана баалоо критерийлери
«Үлгүлүү үй» номинациясы боюнча:
· Үйдүн көчөдөгү жалпы көрүнүшү, сыртынан акталып-сырдалышы, айланасынын короолонушу.
· Турак жайга көчөнүн аты, номери жазылган табличканын илиниши.
«Үлгүлүү көчө» номинациясы боюнча:
· Көчөгө ысымы коюлган адамдын табличкаларынын илиниши.
· Көчөгө тиешелүү арыктардын тазалыгы жана казылышы.
· Көчөдөгү электр линияларга тоскоолдук жараткан дарактардын кыйылып, ирээтке келиши.
· Көчөдөгү үйлөрдүн, дарактардын акталып, ирээтттелиши.
· Көчө ичинде техникалардын жүрүшүнө тоскоолдук жараткан кум, шагыл, топурактардын өз орду менен жайгашуусу.
· Көчөдөгү таштандыларды ташып чыгарууда жашоочулар тарабынан эрежелердин аткарылышы. (каптап белгилүү орундарга жайгаштыруу, кызмат көрсөтүү акысын өз убагында төлөө)
· Көчөдө орун алган соода түйүндөрүнүн өздөрүнө тиешелүүучасткаларында-жашылдандыруу иштеринин жүргүзүлүшү, гүлдөрдүн отругузулушу, таштандылар салуучу ящиктердин коюлушу.
«Мыкты айыл» номинациясы боюнча:
«Мыкты мекеме» номинациясы боюнча:
· Мекеменин ирээттүүлүгү жана санитардык абалы;
· Кызмат көрсөтүү сапаты;
· Коллективдин коомдук иштерге катышуусу;
· Мекеменин жалпы көрүнүшү, мекеменин аталышы, тиешелүү болгон табличкалардын илиниши.
· Мекеменин ичиндеги мекемеге тиешелүү маалыматтардын илиниши. ( ички жасалгасы)
· Мекеменин санитардык-гигеналык абалы, кол жуучу жабдыктардын орнотулушу.
· Мекемеде Кыргыз Республикасынын символикаларынын илиниши.
· Мекеменин айланасынын жашылдандыруусу (бак-дарак, гүлдөрдү отургузуусу)
«Мыкты ишкер» номинациясы боюнча:
· Ишкердиктин социалдык жана экономикалык салымы;
· Жумуш орундарын түзүлүүсү.
· Ишкердин элге кызмат көрсөтүүсүнүн деңгээли.
· Ишкердин жумушчу ордунун же мекемесинин жайгашкан орду, мекеменин жалпы көрүнүшү, илинген лозунгдарынын мазмуну.
· Мекемесинин айланасынын ирээттүүлүгү, жашылдандыруусунун абалы.
· Мекеменин санитардык-гигеналык абалы, таштанды үчүн ящиктердин коюлушу.
· Мекемесинде иштеген кызматкерлерге түзүлгөн шарттарынын абалы.
4. Сынакты өткөрүүнүн тартиби
4.1. Сынак жыл ичинде белгиленген мөөнөттө өткөрүлөт.
4.2. Комиссия түзүлүп, анын курамына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жарандык коомдун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет.
4.3. Комиссия белгиленген критерийлер боюнча текшерип чыгат жана баа берет. 4.4. Жыйынтык чыгаруу комиссия мүчөлөрүнүн добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт.
5. Байге жана сыйлыктар
5.1. Ар бир номинациянын жеңүүчүлөрүнө грамоталар, акчалай жана баалуу сыйлыктар ыйгарылат. 5.2. Жеңүүчүлөрдүн жетишкендиктери жергиликтүү ЖМКлар жана социалдык тармактар аркылуу жарыяланат.
5.3. Сыйлоо иш-чарасы атайын уюштурулган салтанаттуу жыйында өткөрүлөт.
5.4.Жеңүүчүлөрдүн санын, сыйлыктардын өлчөмүн аныктоо түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
6. Жобону өзгөртүү жана толуктоо
6.1. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду уюштуруучу тараптын сунушу менен жергиликтүү кеңеш беките алат.
Төрага:
|
С.Т.Кылданов |