Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №51
«Участкалык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлерди
сунуштоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын 06.11.2019-жылдагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптарын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 05.08.2025-жылдагы №02-2-15/863 катын жетекчиликке алып, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 14.08.2025-жылдагы № 9/7 катынын негизинде Токтогул шаарындагы жана ага караштуу айылдардагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жамааттардан жана мекеме, ишканалардын эмгек жамаатынан сунушталган талапкерлердин арыздары жана башка документтери депутатттар тарабынан каралып, талкууланды.
Жыйынтыгында, талапкерлер боюнча депутаттардын сунуштарын эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токтогул шаарындагы жана ага караштуу айылдардагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине жамааттардан көрсөтүлгөн талапкерлер ушул токтомдун тиркемесине ылайык сунушталсын.
2.Сунушталган талапкерлердин документтери Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилсин.
3.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
С.Т.Кылданов |