Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №52
«06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 , 23.07.2025-жылдагы кезексиз ХIII сессиясынын №45 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 08.08.2025-жылдагы № 01-18/1981 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.08.2025-жылдагы жыйналышында каралган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Ага ылайык:
- Токтогул шаардык кеңешинин 06.02.2025-жылдагы кезектеги VII сессиясынын № 16 токтомунун 5-тиркемесинин 35-пунктунда көрсөтүлгөн 2215 статьясы “2214 статьясы” менен алмаштырылсын;
- Токтогул шаардык кеңешинин 23.07.2025-жылдагы кезектеги ХIII сессиясынын № 45 токтомунун тиркемесинин 9-пунктунда көрсөтүлгөн 2222 статьясы “3111 статьясы” менен алмаштырылсын;
3.Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
4.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5.Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төрага |
С.Т.Кылданов |