Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №53
«2025-жылдын 7 (жети) айынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн акча каражатын чыгымдоо боюнча»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 15.08.2025-жылдагы № 01-18/2033, 19.08.2025-жылдагы № 01-18/2055, № 01-18/2066, 22.08.2025-жылдагы № 01-18/2108 сунуштары “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын 22.08.2025-жылдагы жыйналышында каралган.
Аталган туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусу жалпысынан жактырылгандыгы белгиленсин.
2.Ага ылайык, 2025-жылдын 7 (жети) айынын жыйынтыгы менен пландан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 2390,6 миң сом акча каражаты төмөндөгү багыттарга жумшалсын:
- Статья 2221 - 5,3 миң сом -“Байчечекей” балдар бакчасына от жагуучу жайга керектүү зым чубалгысын алмаштырууга;
- Статья 2222 - 82,2 миң сом –“Адеми” балдар бакчасына электр шаймандарын алып, орнотууга;
- Статья 2214 -23,1 миң сом- электр мамычаларын орнотууга керектелүүчү күйүүчү май алууга (шаар ичи, Комсомол айылы);\
- Статья 2215 - 2000,0 миң сом –муниципалдык тапшырык үчүн;
- Статья 2222 - 140,0 миң сом –Иманбаев жана Тешебаев мектебинин ачылышына бир орундан башка орунга которуп коюлуучу арка жасатууга (70,0 миң сом х 2даана =140,0 миң сом);
140,0 миң сом -Айыл чарбасын каттоо иштерине (кошумча), анын ичинен:
- Статья 2214 - 63,0 миң сом – күйүүчү майга;
- Статья 2215 – 16,0 миң сом баннер жасатууга;
- Статья 2222 – 4,5 миң сом –канцеллардык товарларга;
- Статья 2215 – 56,5 миң сом – көчөнүн аты жазылган тактайчаларды жасатууга;
Жалпы: 2390,6 миң сом
3.Планга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Э.Сооронбекова) милдеттендирилсин.
4.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
5.Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Т.Нурканов) тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
Төрага |
С.Т.Кылданов |